Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Бишкек Арена” стадиону орточо, атүгүл ири заводдон кем эмес киреше алып келерин айтты.
Стадиондун ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы Садыр Жапаров стадиондун ачылышында өз командасынын алты жылдык ишинин жыйынтыгына токтолду.
Мамлекет башчысы белгилегендей, алты жыл ичинде Кыргызстанда мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданият мекемелери жана башка имараттарды кошкондо 1075 социалдык объект курулган. Мындан тышкары, 521 завод-фабрика ачылган.
“Бул стадион дагы алардын катарына кирет. Ал орточо, атүгүл ири заводдон кем эмес киреше алып келет”, — деди өлкө башчысы.