Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. 2028-жылдан тартып мектептердин жана башка социалдык объектилердин жетишсиздиги көйгөй болбошу керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, ”Бишкек Арена“ стадионунун салтанаттуу ачылышында билдирди.
Президент өз сөзүндө мамлекет алдына 2027-жылы 111 мектеп куруу жана 44 райондук оорукана бөлүмдөрүнүн курулушун аяктоо максаты коюлганын белгиледи.
“Алты жылдын ичинде 1 075 имарат курулду. Анын ичинде мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданият имараттары жана башкалар бар. Андан сырткары 521 завод-фабрикаларды курдук”, - деди Садыр Жапаров.