Бишкек 24.06.25 /Кабар/. Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолорго ылайык, жалпы салык режими менен бирдиктүү салык режимине катар эле чакан жана орто ишкердик үчүн патенттик система кайрадан иштей баштайт.
Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, ишкерлерге соода жүгүртүү көлөмүнө жана иш ыңгайына жараша кайсы салык режим менен иштөөсүнө тандоо эркиндиги берилет. Ошондой эле бирдиктүү салыктагы 0,1% туруму жоюлуп, 0,5% турумдун жылдык соода жүгүртүү чеги 30 млн сомдон 50 млн сомго чейин көтөрүлдү.
Ал эми ири дүң соода менен алектенген ишкерлер соода жүгүртүүсүн атайлып ылдый көргөзүп же болбосо, патенттик системага кирип алып, салыктан качып же салык жашыруу амалдарынын алдын алуу үчүн чектөө тоскоолдуктары киргизилди. Ага ылайык, дүң соода менен алектенген ишкер жалпы салык режиминде иштебесе, ага импорттук иш-аракеттерине тыюу салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.
“Жөнөкөй, түшүнүктүү жана адилеттүү салык тутумун иштеп чыгуу боюнча президенттин тапшырмасын аткаруу максатында буга чейинки айрым бир кемчиликтерди оңдоп чыктык. Анткени чакан жана орто ишкердиктин ээлери бирдиктүү салык режиминде иштөө алар үчүн татаал болуп жатканына даттанышкан. Айрымдары болсо, ал системага көнүп калышканын жана анын ыңгайлуу экенин айтышкан. Ошондуктан биз бирдиктүү салыктын 0,5 турумун калтырып, бирок анын жылдык товар жүгүртүү чегин 30 млн сомго чейин көтөрдүк. Ал эми сырттан товар ташып, дүң соода менен иштеп, бирок бирдиктүү салык менен иштеп, төмөнкү турум салыгын төлөп келгендерге эми чектөө киргизилди. Алар импорттук иш-аракеттер менен алектене алышпайт”, - деди ал.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 19-июнь күнү Салык кодексине негизинен 12 толуктоо жана өзгөртүүнү киргизген мыйзам долбоорун кабыл алган.