Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүнө саналуу гана күндөр калды. Парламентке депутаттарды шайлоо күнү 30-ноябрга дайындалган. 30 округдан шайлоого аттанган талапкерлердин саясий өнөктүктүн алдындагы үгүт иштери 10-ноябрдан тартып башталган. Ал эми эртең, 29-ноябрда добуш берүүгө 24 саат калганда үгүт иштери токтойт. Ушул эле күнү шайлоо тилкелеринен сырткары добуш берүү жүргүзүлөт. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, “жымжырттык күнү” мыйзам бузулуулардын алдын алуу максатында 10 миңден ашык укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону утурлай Кыргызстанда 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Жалпысынан парламент 90 депутаттан турат.
Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 461 талапкерди каттады.

Талапкерлигинен баш тартып, эскертүүгө жана айып пулга жыгылгандар жок эмес
Шайлоого саналуу күн калганда талапкерлигин коюудан баш тарткандар да болууда. Борбордук шайлоо комиссиясы күн мурун, 27-ноябрда № 22 жана № 24 көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Акунова Лиранын жана Халилова Гүлназдын каттоосун жокко чыгарды. Алардан БШКга шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыз келип түшкөн. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкерлердин арызынын негизинде каттоолору жокко чыгарылды.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкерлер жөнүндө атайылап жалган маалымат тараткан же ар-намысына шек келтирген адамдар жазык же башка жоопкерчиликке тартылат.

Борбордук шайлоо комиссиясы өз отурумдарында шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузган талапкерлер, жарандар жана талапкердин ар намысына шек келтирген жаран боюнча маселелерди кароону улантууда. БШК жумушчу топтун сунуштарынын негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык айрым талапкерлерге административдик айып пул салса, кээ бир талапкерге эскертүү берип жатат. Ошол эле маалда талапкерлерден түшкөн арыздар да каралып, баяндалган талаптарды кээде БШК канааттандыруудан баш тартууда.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 шайлоочу кирди:
- эркектер – 2 млн 81 миң 514, же 48,47%;
- аялдар – 2 млн 212 миң 729, же 51,52%.
Жашы боюнча карай турган болсок:
- 18 жаштагылар – 104 миң 693, же 2,44%:
- 19-35 жаштагылар – 1 млн 707 миң 851, же 39,77%
- 36-45 жаштагылар – 923 миң 975, же 21,52%
- 46-55 жаштагылар – 650 миң 851, же 15,16%
- 56-65 жаштагылар – 528 миң 771, же 12,31%
- 66 жаштан жогоркулар – 378 миң 102, же 8,80%.

Шайлоо тилкелери
30-ноябрда саат 08:00дө өлкө аймагы боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат. Жарандардын добуш берүү укугун камсыздоо максатында чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси түзүлдү. Ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү тилкеси иштейт. Алардын катарында аэропорттордо (учуу жана конуу зоналарында), ири базарларда, соода борборлорунда, тергөө абагында, медициналык мекемелерде жана адамдар көп топтолгон башка жайларда жайгашкан пункттар бар.

Аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү
Бул жолку мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоо жаңы система менен өтөт. Кыргызстанда 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлүп, алгачкы жолу аралыктан добуш берүү системасы киргизилди. Жаңы шайлоо жабдуусу шайлоочунун маалыматтарын 1 мүнөттөн ашпаган убакытта иштетип, 12 саат ичинде 800гө чейин шайлоочуга кызмат көрсөтө алат. Бул чаралар шайлоочулар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана шайлоочулардын жигердүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Шайлоого эл аралык байкоочулардын жоон тобу көз салат
Боршайком Кыргызстандагы парламенттик шайлоого көз сала турган жалпысынан 788 эл аралык байкоочуну каттады. Алардын ичинде КМШ, КМШ ПАА, Түрк мамлекеттер уюму, ТүркПА, ИКУ, ЕККУ ПА, ЕКПА сыяктуу эл аралык миссиялардан жана элчиликтерден келген байкоочулар бар.