Парламент комитети БШКнын курамын кыскартууну колдоду

Жогорку Кеңеш Загрузка... 21 Апрель 2026 13:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоорун депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастан Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев, Талайбек Масабиров демилгелеген.

Мыйзам долбоору Кыргызстанда шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Ага ылайык, БШКнын сандык курамын кыскартуу сунушталууда.