Парламент бир катар мыйзам долбоорлорду III окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 15 октябрь 2026 15:10
Парламент бир катар мыйзам долбоорлорду III окууда кабыл алды

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңеште бир катар мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Парламенттен билдиришкендей, жыйында “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Алсак, депутат Азамжан Жалилов тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоору мамлекеттик башкарууну активдүү санариптештирүү шартында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандардын өз ара аракеттенүүсүн оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан.

Андан тышкары жыйында “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, III окууда колдоо тапты.

Ошондой эле эл өкүлдөрү “КР Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун да III окууда жактырышты. 

Эскерте кетсек, депутаттар Гүлнара Акимбаева, Равшанбек Рысбаев, Гүлнара Баатырова, Таалайбек Масабиров тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоору эмгек акыны индексациялоону анын реалдуу мазмунун камсыз кылуунун мыйзамдык механизми катары бекитүү максатында иштелип чыккан.