Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Ош облусунун Араван районундагы Сырт айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Объекттин жалпы наркы 109 млн сомду түзөт.
Архитектуралык долбоор боюнча мектептин имараты үч блоктон туруп, эки кабаттуу болуп курулууда.
Жаңы мектепте окуучулардын заманбап шарттарда билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралат. Атап айтканда, тиешелүү жабдуулар менен камсыздалган предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс жана спорт залы болот.
"Бүгүнкү күндө имараттын ички шыбак иштери аяктап, чатыры толугу менен жабылды. Учурда ички жасалгалоо иштери кызуу уланууда", - деп белгилешти министрликтен.