Оштогу мектептер интерактивдүү панелдер менен камсыздалды

Аймак
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев бүгүн С. Жигитов атындагы жаңы курулган №2 мектептин жогорку класстарынын окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага №2 мектептин, Ж. Бөкөнбаев атындагы №5, С. Алымкулов атындагы №33 жана Г. Айтиев атындагы №37 мектептердин 11-классынын окуучулары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар шаар башчысына өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, шаардын өнүгүшү, жаштар үчүн түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөр, билим алуу жана келечекке койгон пландары тууралуу пикир алмашышты. Мэр окуучулардын суроолоруна ачык жооп берип, өзүнүн жеке тажрыйбасы менен бөлүштү.

Иш-чаранын соңунда окуу процессин колдоо жана окуучулардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү максатында шаар башчысы төмөнкү мектептерге интерактивдүү панелдерди тапшырды:

  • С. Жигитов атындагы №2 мектеп;
  • Т. Г. Шевченко атындагы №19 мектеп;
  • №29 мектеп;
  • А. Алиев атындагы №30 мектеп;
  • Ч. Түлөбердиев атындагы №34 мектеп;
  • Ч. Айтматов атындагы №36 мектеп;
  • Октябрь революциясынын 70 жылдыгы атындагы №39 мектеп.