Ошто жаңы жол, тротуар жана көпүрөлөр пайдаланууга берилди

Аймак 28 август 2026 14:30
1.jpg
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 28.08.26 /Кабар/. Ош шаарында Төлөнөв, Калмурзаев жана Атабаев көчөлөрүнүн Ишматов көчөсүнөн А. Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жаңыланып, пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолдун жалпы узундугу 2 миң 650 метр, туурасы 22 метрди түзөт. Анын 15 метрине эки катмар асфальт төшөлүп, жолдун эки тарабына тротуарлар салынды.

Мындан тышкары, ирригациялык арыктар жаңыланып, жашылдандыруу үчүн зоналар каралды. Канал аркылуу өткөн узундугу 22 метр болгон эки көпүрө да оңдолду.

Жаңы жолдун ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, депутаттар жана шаар тургундары катышты.