Ошто ири транспорттук түйүндүн курулушу башталды

Аймак
1.jpg
2.jpg
4.jpg
852112219_1454517746867118_8070996088751120207_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
2.jpg
4.jpg
852112219_1454517746867118_8070996088751120207_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Ош шаарында ири инфраструктуралык долбоорлордун бири — транспорттук түйүндүн курулушу башталды.

Мэриядан билдиришкендей, долбоор С. Жусуев, Курманжан датка, Т. Касымбеков жана Б. Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде ("Достук" айлампасында) ишке ашырылат.

Курулуштун алкагында транспорттук жол түйүнү, 4 пандус, 8 тепкич жана жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк курулат. Ошондой эле унаалардын кыймылын жеңилдетүү үчүн айланма жолдор каралган.

Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат. Долбоорду бир жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.

Жаңы транспорттук түйүн шаардагы жол кыймылын жакшыртууга, унаа тыгындарын азайтууга жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.