Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Ош шаарында эски борбордук базар жайгашкан 1 чакырымга жакын аянтты көрктөндүрүү жана заманбап эс алуу аймагына айландыруу иштери башталды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн калаа башчысы Жанарбек Акаев жаңы эс алуу жайдын долбоорун коомчулукка тааныштырды.
Долбоордун алкагында мында жашыл аймак түптөлүп, шаар тургундары жана коноктору үчүн эс алууга ыңгайлуу болгон бардык шарттар түзүлөт. Ошондой эле экологиялык талаптар сакталып, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги 50 метрлик суу коргоо тилкеси корголот. Муну менен катар, дарыянын жээгин тазалоо иштери дагы уланат.
Мындан тышкары, аймакта байыркы Оштун кайталангыс архитектурасын, тарыхын, маданий мурасын жана улуттук баалуулуктарын чагылдырган туристтик шаарча курулат.