Ошто “Бир келип кетчи Ош жакка” спектаклинин бет ачары өттү

Маданият Загрузка... 16 Февраль 2026 09:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында "Бир келип кетчи Ош жакка" спектаклинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спектаклдин алдында Чыңгыз Айтматовдун бюстунун ачылышы болду. Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, облустук жана шаардык мекемелердин жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

"Бир келип кетчи Ош жакка" спектакли КР эл жазуучусу Арслан Койчиевдин "Тагдыр жөнүндө ыр" чыгармасынын негизинде коюлду.

Режиссёру —Уланмырза Карыпбаев, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты.