Бишкек, 08.10.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Ош шаарында 10 жаңы мектеп курулду.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, алардын бири — №33 С. Алыкулов атындагы жалпы билим берүү мектеби.
Үч кабаттуу, эки блоктон турган жаңы мектеп 312 окуучуга ылайыкталып, эки нөөмөттө 700гө жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзөт. Имараттын жалпы аянты 3840 чарчы метрди түзөт.
Мектепте заманбап окуу класстары, спорт жана жыйындар залдары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, ошондой эле медициналык кабинет каралган. Окуу класстарында суу системасы каралып, заманбап эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар орнотулган.
Имаратта заманбап инженердик коммуникациялар орнотулуп, окуучулар жана мугалимдер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштеринин сапаты жана жүрүшү министрликтин тиешелүү департаменттери тарабынан көзөмөлдөнүп турду.
Белгилей кетсек, 6-октябрда жаңы мектептин ачылыш аземи минккаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда өтүп, объект пайдаланууга берилди.