Ташкент, 31.01.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. 2025-жылдын 5-февралынан тарта Касансой - Ош эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча микроавтобустардын каттамы ачылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Savanna эл аралык спорт, туризм жана транспорт компаниясынын жетекчиси Раим Максудов билдирди.
Анын айтымында бул каттам Savanna компаниясынын демилгеси менен сунушталган эл аралык социалдык долбоорлордун алкагында жүзөгө ашырылды. "Негизги максат эки коңшу облустардын жарандары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана аймактагы туризмди жана саякаттарды уюштурууну мындан ары да өнүктүрүү болуп саналат", - деди Максудов.
Касансай – Ош – Касансай багыты Наманган автобекети аркылуу өтөт. Билеттин баасы: Ош автобекетинен 450 сом, ал эми Касансайдан болсо – 70 миң сум. Жүргүнчүлөр "Достук" чек ара постторунан микроавтобуста өтүшөт. Багыттын аралыгы 160 км, жолдогу убакыт 3-3,5 саатты түзөт.
Эскерте кетсек, Savanna компаниясы 2002-жылы түзүлгөн. Компания Кыргызстандын туристтик компаниялары менен тыгыз кызматташтык жүргүзүп келет.