Ош шаарынын жаңы мэри жолдордун курулушу менен таанышып чыкты

24 Январь 2025 10:00
FB_IMG_1737690824483.jpg
FB_IMG_1737690793313.jpg
FB_IMG_1737690750390.jpg
FB_IMG_1737690744940.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1737690824483.jpg
FB_IMG_1737690793313.jpg
FB_IMG_1737690750390.jpg
FB_IMG_1737690744940.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Ош шаарынын жаңы дайындалган мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы оңдолуп жаткан жолдордун абалы менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ал Мамыров, Амир-Тимур, Көкүмбий көчөлөрүндө болуп, реконструкция иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

Шаар башчысы мындан сырткары, Ы.Монуев, А.Шакиров, Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаңыдан курулуп жаткан эки деңгээлдүү жолдун жана өтмөктүн курулушу менен дагы таанышты.

Ош шаарынын мэри курулуш иштерин сынга алып, жумуштар жай жүрүп, мындан улам элдин нааразычылыгы жаралып жатканын билдирди.

Ошондой эле бул долбоор катуу көзөмөлгө алынарын баса белгилеп, жол түйүнүн куруу иштерин тездетүү боюнча чукул тапшырмаларды берди.