Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда аталган аймактык башкармалыгында 2024-жыл ичинде аткарылган жумуштар боюнча маалымат берилди.
Андан соң жергиликтүү жашоочулар аталган аймактагы ички жолдордун, тротуарлардын сапаты, светофор, жөө жүрүүчүлөр үчүн өтмөктү куруу, көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы тазалык, суу, жер, жол тыгынын жоюу, балдар аянтчаларын куруу, экологиялык абал, социалдык көмөк, көп кабаттуу үйлөрдүн жанына кошумча таштанды контейнерлерди орнотуу, таштандыларды туура эмес жайга чыгаруу маселелерин көтөрүштү.
Шаар башчысы ар бир жарандын суроосуна жооп берип, жооптуу жетекчилерге кайрылууларды чечүү боюнча жеринде тапшырмаларды берди.