Ош шаарынын мэри мыйзамсыз курулуштарга рейд жүргүздү

Загрузка... 29 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан-Датка көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишине чейинки абалы менен таанышууну улантты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мында калаа башчысы шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Асранкулов көчөсүндөгү жолду кеңейтүү зарылдыгын билдирди. Ошондой эле, Курманжан-Датка көчөсүндө жасалууга тийиш болгон бир катар тапшырмаларды берди:

- ирригациялык тармактарды толук оңдоп түзөө;
- жашыл аймактарды жаңылоо, оорууга чалдыккан жана эски бак-дарактарды алмаштыруу;
- мыйзамсыз курулуштарды, баш аламан соода түйүндөрүн, ошондой эле кызыл сызыктан өтүп кеткен тосмолорду жана курулуштарды алып салуу;
- тротуарларды ар кандай өзүм билемдик менен коюлган тосмолордон жана бордюрлардан тазалоо сыяктуу иштерди алып баруу.

Алдыда жалпы шаардагы көчөлөрдү оңдоп түзөө менен талапка ылайык келтирүү иштери улантылат.