Ош шаарынын мэри курулуш компанияларын таза иштөөгө үндөдү

Загрузка... 28 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев курулуш компанияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууга Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов дагы катышты.

Калаа башчысы куруучуларды ачык жана таза иштөөгө үндөп, жергиликтүү бийлик тарабынан курулуш тармагын өнүктүрүүдө ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

Мындан сырткары, Жеңишбек Токторбаев коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөгө, шаар инфраструктурасын жакшыртууга жана калаа тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө бирге иш алып барууга, курулуш иштеринде ачыктыкты камсыздап, жумушчулардын так санын жашырбай, жергиликтүү казынага салыктарды убагында төгүү менен бюджетти көбөйтүүгө чакырды.