Ош шаарындагы бардык мыйзамсыз курулуштар алынып, көрктөндүрүлөт

Загрузка... 28 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таң эрте менен тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Курманжан-Датка көчөсүн кыдырып, абалын көрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысы жеринде көчөнүн жалпы көрүнүшүн жаңылоо, анын ичинде эскилиги жеткен көп жылдык дарактарды алуу жана ордуна заманбап жаңы жаш көчөттөрдү отургузуу боюнча иштерди баштоо, кызыл сызыкка чыккан имараттарды талапка ылайык бузуп алып салуу, иретсиз жана көрүнүксүз болгон жарнамалык объектилерди калыбына келтирүү боюнча тапшырмаларын койду.

"Шаардын өнүгүүсү үчүн тартипти орнотуу - биздин түз милдетибиз", - деди мэр.