Ош шаарында "Жекелик" каналынын жээги көрктөндүрүлөт

Аймак 02 Февраль 2026 12:40
625321162_1238396091812619_8998912351290668165_n.jpg
625575608_1238395798479315_2391729806162834921_n.jpg
625108927_1238430281809200_7217003255938581499_n.jpg
625364128_1238395765145985_6521545010653775585_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош мэриясы

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Ош шаарында "Жекелик" каналынын жээги көрктөндүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Жеңишбек Токторбаев кезектеги рейдде Масалиев көчөсүндө жайгашкан "Жекелик" каналынын эки жээгин көрктөндүрүп, гүл бакча куруу боюнча долбоор иштеп чыгууну тиешелүү кызматтарга тапшырды.

Мындан тышкары, каналдын үстүнө жана корук аймагына мыйзамсыз курулган коммерциялык багыттагы бир катар объекттерди алып салуу, аймакты шаардык архитектуралык жана экологиялык талаптарга ылайык иретке келтирүү боюнча тапшырмалар берилди.