Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Ош шаарында жаңыдан курулган унаа тетиктер базары пайдаланууга берилди.
Мэриядан билдиришкендей, жаңы базар Көкүм-Бий көчөсүндө жайгашып, анда соодагерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Анын жанында унаа базары да жайгашкан.
Иш-чарада мэрдин орун басары бул аймак жакынкы аралыкта өзүнчө чоң борборго айланарын белгиледи.
Анткени азыркы тапта аталган аймакта тейлөө борбору жана унаа каражаттарын каттоо мекемесинин курулушу башталды.