Бишкек, 01.02.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы А. Масалиев кең көчөсүн кыдырды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, анын жүрүшүндө шаар башчысы жарандардын көптөгөн өтүнүчтөрүнө ылайык, А.Масалиев көчөсү менен А.Шакиров көчөсүн байланыштырган Нурматов көчөсүн ачуу керектигин белгиледи. Аталган көчө №703 аскер бөлүгү тарабынан тосулүп калган.
Шаар башчысы жолду ачуу боюнча иштерди баштоо зарыл экенин белгилеп, жолдун жабылышынын мыйзамдуулугун текшерип чыгуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.
Ошондой эле А.Масалиев көчөсүндөгү кызыл сызыкка чыккан курулуштарды, тосмолорду, алып салуу, ошондой эле коммерциялык объектилердин сырткы көрүнүшүнүн бирдиктүү дизайнын иштеп чыгуу боюнча тапшырма берилди.
Шаардагы көчөлөрдү тиешелүү талаптарга ылайык келтирүү иштери улантылат.