Бишкек, 08.10.26 /Кабар/. Ош шаарында С. Алыкулов атындагы №33 жалпы билим берүү мектеби ишке берилди.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, үч кабаттуу, эки блоктон турган жаңы мектеп 312 окуучуга ылайыкталып, эки нөөмөттө 700гө жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзөт. Имараттын жалпы аянты 3840 чарчы метрди түзөт.
Мектепте заманбап окуу класстары, спорт жана жыйындар залдары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, ошондой эле медициналык кабинет каралган. Окуу класстарында суу системасы каралып, заманбап эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар орнотулган.
Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды
6-октябрда жаңы мектептин ачылыш аземи министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда өтүп, объект пайдаланууга берилди.