Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Ош шаарында 1200 орундуу Салижан Жигитов атындагы мектеп курулууда.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттен каржыланды.
Жаңы мектептин жалпы аянты 13610 чарчы метрди түзүп, төрт кабаттан турат. Мектепте окуучулардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык шарттар түзүлөт. Алсак, атайын предметтик окуу класстар, лаборатория, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, компьютердик класс, жыйындар залы жана бардык шарттары менен спорт залы каралып, заманбап жабдуулар менен камсыздалат.
Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталып, бүгүнкү күндө объектте 90 пайыздык жумуш аткарылды.
Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө 3000ге жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.