Ош шаарына балдардын онкогематология ооруканасын куруу пландалууда

Ден соолук Загрузка... 30 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы, WWW

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов менен бирге Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына барды.

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө оорукананын балдар онкогематология бөлүмүндө орун жетишсиздигине байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Бүгүнкү күндө Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарын кошкондо республиканын түштүк аймактарынан балдарды кабыл алган бөлүмдө 25 гана керебет бар, бул оорулууларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн бир топ чектейт. Оорукана 540 койкага ылайыкталган, жылына 27 миңге жакын бала стационардык дарылануудан өтүп, күнүнө 800дөн 1500гө чейин бала амбулатордук жардам алат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев онкогематология бөлүмүндө өлкөнүн бардык түштүк аймактарынан келген балдарды тейлегендигин эске алганда, керебеттердин жетишсиздиги маселеси өзгөчө актуалдуу болуп жатканын белгиледи. Ал буга байланыштуу Ош шаарына өзүнчө балдардын онкогематология ооруканасын куруу маселеси тураарын айтып, жаңы имарат курулса азыркы бөлүмдүн жумушу жеңилдеп, медициналык тейлөөнүн сапатын жогоруларын кошумчалап өттү.

Министр Балдар ооруканасынын директору Жыргалбек Толоровго жаңы оорукананын курулушун баштоо үчүн бардык керектүү документтерди даярдоону тапшырды.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов бул маселени чечүүгө активдүү салым кошууга жана Ош шаарына өзүнчө балдардын онкогематология ооруканасын куруу долбоорун илгерилетүүгө даяр экендигин билдирди.