Ош облусунда чакан жүк ташуучу унаалар чыгарыла баштады

1201 31 Январь 2025 14:26
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
5.jpg
6.jpg
7.jpg
8.jpg
9.jpg
10.jpg
11.jpg
12.jpg
13.jpg
14.jpg
15.jpg
16.jpg
17.jpg
18.jpg
19.jpg
20.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
5.jpg
6.jpg
7.jpg
8.jpg
9.jpg
10.jpg
11.jpg
12.jpg
13.jpg
14.jpg
15.jpg
16.jpg
17.jpg
18.jpg
19.jpg
20.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда жеңил жүк ташуучу автоунаалар жыйнала баштады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, унааларды алдыда ички рынокко жана экспортко чыгаруу пландалууда. Завод сырткы инвесторлор тарабынан негизделип, азыркы учурда Кара-Суунун Ынтымак айылында мурдагы тамеки заводдун аймагында жайгашып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштады.

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, инвестор менен баарлашып, көйгөйлөрүн сурады.

Өндүрүштүн жетекчиси Ян Бао Гуо азыр иш жүргүзүүгө тоскоолдуктар жок, баарына жергиликтүү бийлик жардам берип, иштин алга жылуусуна көмөк көрсөтүп жатканын айтты. Ошондой эле келечекте азыркы ишмердүүлүктү кеңейтип, кошумча электробус жана жеңил унааларды чогултуу үчүн атайын жер бөлүнүп, бирдиктүү ири завод куруу планы талкууланды.

Бүгүнкү күндө ишканада жеңил жүк ташуучу унаалар чогултулуп жатат. Тетиктер Кытайдан сатып алынат. Алдыда унаалардын тетиктерин сырттан сатып албай, өздөрү өндүрүп баштаарын маалымдашты.

Жеңил жүк ташуучу унаалардын техникалык мүнөздөмөлөрү: көлөмү 2.4, жүк көтөрүмдүүлүгү 1.5 тонна.

Завод толук ишке кирсе жылына 10000 (он миң) даана унаа чыгарууга кубаттуулугу жетет жана 200 жумуш орундары түзүлөт.