Бишкек, 05.02.25. / Кабар/. Ош шаарынан Өзбекстандын Наманган шаарына андан ары Касансайга чейин маршруттук каттам ачылды. Бул тууралуу “Транс ордо” ЖЧКнын жетекчиси Мырзамат Чыңгараев билдирди.
Анын айтымында, эми эки өлкөнүн эли ушул маршруттук каттам менен жүрө алышат. Касансай – Ош – Касансай багыты Наманган автобекети аркылуу өтөт. Билеттин баасы Ош автобекетинен 450 сом, ал эми Касансайдан болсо – 70 миң сум. Жүргүнчүлөр "Достук" чек ара постторунан кичи автобуста өтүшөт. Багыттын аралыгы 170 чакырым, жолдогу убакыт 3-3,5 саатты түзөт.
“Союз мезгилиндеги маршруттук каттамды кайрадан жандандырдык. Бул каттам Өзбекстандагы Savanna компаниясынын демилгеси менен эл аралык социалдык долбоорлордун алкагында жүзөгө ашырылды”,-деди ал.
Ал белгилегендей, каттамдар дем алышсыз аткарылат.
“Учурда 10 кичи автобус бар. Жүргүнчүлөрдүн саны көбөйсө дагы автобустар кошулат”,-деди ал.