Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев экономикалык багытта иш алып барган мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда шаар башчысы 2024-жылга карата салыктарды жыйноо боюнча салык кызматынын жана муниципалдык бюджет түзүүчү мекемелердин жетекчилеринин маалыматтарын укту.
Жеңишбек Токторбаев эң негизги максат – экономикалык блокту өнүктүрүүгө, бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин белгилеп, төмөнкү талаптарды койду:
• жергиликтүү бюджетке салык төлөгөн коммерциялык объектилердин так санын аныктоо үчүн рейддик текшерүүлөрдү өткөрүү;
• жер салыгы жана кирешелер салыгы боюнча тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү;
• бардыгы ачык-айкын болушу шарт, каражаттар жергиликтүү бюджетке түшүп туруусу абзел;
• коррупциялык схемаларга аралашкан ар бир адам жумуштан алынат;
• шаардын жана шаардыктардын кызыкчылыгы үчүн талыкпастан кызуу иштөө.