Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Ош, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн жаңы жатаканалар курулат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Нурдан Орунтаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында жаңы жатаканалардын курулушу боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Долбоорго ылайык, Ош шаарында 9 кабаттуу 720 орундуу, Манас шаарында 9 кабаттуу 740 орундуу, ал эми Баткен шаарында эки блоктон турган 4 кабаттуу жатакана курулат.
Жыйында объектилердин долбоордук чечимдери, курулуштун сапаты жана мөөнөттөрү талкууланды. Министр имараттардын коопсуздугун жана сейсмотуруктуулугун камсыз кылып, долбоордук талаптарды так сактоону тапшырды.
Курулуш иштерин 2027-жылдын 31-августуна чейин аяктоо белгиленди.