Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага алайык, 9-10-апрель күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкө аймагында сел жүрүшү күтүлөт.
Өлкөнүн Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды арыктарды, сел каналдарын тазалап, суу каптоонун алдын алууга чакырат.