Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун жээгине көчөттөр отургузулууда

Коом Загрузка... 13 Март 2025 11:50
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун жээгине “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында көчөттөр отургузулууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар № 21 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдун 13-14-чакырымдар аралыгында жүрүп жатат. Аталган аймакка жалпы 230 даана көчөт тигүү пландалган.

Ушундай эле иштер № 38 ЖТИ тарабынан Таш-Көмүр-Кызыл-Жар унаа жолунун 136-140-чакырымдар аралыгында жүрүүдө.

Белгиленгендей, аталган аймакка жол жээгин жашылдандыруу максатында каражыгач, жаңгак көчөттөрү отургузулуп жатат.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караган Рахманжан-Кара-Булак жолунун жээгине 100 даана жаңгак көчөтү тигилип, айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүрдү. Жумуштар № 51 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.

Белгилей кетсек, “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында жол жээгин жашылдандыруу иштери башка аймактарда да уланат.