Орто-Сай базарында таштандыны сорттоочу пункт ачылды

Коом 664 07 Февраль 2025 15:38
476250819_1048276287348225_3002789586824840393_n.jpg
476245335_1048276260681561_827292514605019733_n.jpg
476345053_1048276290681558_468755412663765689_n.jpg
Алдыга
Артка
476250819_1048276287348225_3002789586824840393_n.jpg
476245335_1048276260681561_827292514605019733_n.jpg
476345053_1048276290681558_468755412663765689_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Бишкектеги Орто-Сай базарынын аймагында таштандыларды сорттоочу пункт ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эко-аянтча Безымянная көчөсүндө жайгашып, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен курулган.

Аянтчанын жалпы аянты 70 чарчы метрди түзөт, анда 10 контейнер, бир видеокөзөмөл камерасы орнотулган. Ошондой эле борбордук байланыш системалары - суу, канализация жана электр энергиясы кошулган.

Таштанды контейнерлери жамгырдан, кардан коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жерге, чатырдын астына коюлду.

Эми базардан чыккан таштандыларды атайын адис иргейт жана ага бардык шарттары бар өзүнчө бөлмө даярдалды.

Белгилей кетсек, аталган долбоордун алкагында базардын аймагында дагы бир ушундай пункт курулууда.