Бишкек 27.03.25 /Кабар/. Орозо айт майрамында кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтөт?
Синоптиктердин маалыматына ылайык, 30-мартта Бишкекте аба ырайы күндүз +12 градуска чейин жылыйт. Күн ачык болуп, бирок ала булут каптап турат. Бул күнү жаан-чачын күтүлбөйт.
Ошто бул күнү аба ырайы ачык болуп, +14 градуска чейин жылуу болот.
Жалал-Абадда 30-мартта аба ырайы ачык болуп, +16 градуска чейин жылыйт.
Баткенде Орозо айтта күн ачык болуп, +14 градуска чейин жылышы күтүлөт.
Таласта Орозо айт күнү күн ачык жана жылуу болушу күтүлөт. Күндүз +10 градуска чейин суук болсо, эртең менен -2 градуска чейин төмөндөйт.
Нарын шаарында Орозо айт күнү жалпысынан аба ырайы ачык болот.