Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Бааны түшүрүү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын милдетине кирбейт. Бул кызматтын негизги милдети атаандаштыкты коргоп, шарт түзүп берет. Бул тууралуу аталган кызматтын жетекчиси Жээналы Орозбаев “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында өтө аз адам иштегенине карабастан, бир катар функцияларды аткарышат:.
- керектөөчүлөрдун укугун коргоо,
- атаандаштыкты коргоо,
- ак ниет эмес атаандаштыкка каршы күрөшүү,
- монополияга каршы күрөшүү,
- монополисттер менен иштөө,
- доминанттар менен иштөө.
“Баш өлкөлөрдөгү чоң компаниялар келип алып, Кыргызстандагы бардык кичи ишканаларды жок кылып жиберүүсүнө жол бербешибиз керек. Азыркы жашоодо ал бир күндө болуп кетиши мүмкүн. Биздин кызматтын монополияга каршы деп аталганы да ушундан. Мына 2021-жылы өсүмдүк майына жана кумшекерге 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Эгерде биз ушундай жөнгө салуу киргизбей койгондо, эл 1 млрд 200 млн сомун жоготмок экен. Биз муну эсептеп чыктык. Себеп дегенде, майдын 1 литрин 180 сомдон сата башташкан. Ага чейин 110 сомдун тегерегинде болгон. Кумшекерди 105 сомго чыгарышкан. Азыр кумшекердин баасы 75 сом. Мына ушундай иштерди жүргүзүүдө биздин кызматтын таасири бар”, - деди ал.