Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Хирургиялык бөлүмдөргө пландык операциялар үчүн жаткырылган бейтаптар милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында бир катар медициналык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөдөн бошотулат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришкендей, полиси бар бейтаптар бардык процедураларга, анын ичинде наркоз жана операцияга кошумча төлөшпөйт.
Дары-дармектер жана медициналык буюмдар
Дарылоо процессинде бейтаптар маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген бардык зарыл болгон дары-дармек каражаттары берилет. Жеткиликтүү дары-дармектердин тизмеси менен медициналык кызматкерлерден же бөлүмдөгү маалыматтык такталардан тааныша аласыз. Ошондой эле бардык бардык зарыл болгон медициналык буюмдар, мисалы марли, бинт, шприц, инфузия системасы, дарылоо жана операциялар үчүн талап кылынган башка буюмдар берилет. Бул операцияга даярдоого арналган дары-дармектер, ошондой эле операциядан кийинки калыбына келтирүү үчүн да колдонулат.
Лабораториялык жана диагностикалык изилдөө
Стационарда жүргүзүлгөн бардык лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр, анын ичинде анализдер, ультраүндүү изилдөө, рентген жана башка процедуралар медициналык көрсөткүчтөрдүн негизинде акысыз жүргүзүлөт.
Менчик клиникаларга жолдомо берүү
Зарыл медициналык жабдуулар жок болгон учуда же стационарда лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, бейтап диагноз коюу үчүн менчик клиникаларга же лабораторияларга жөнөтүлүшү мүмкүн.
Эске салсак, эгерде жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча акы алынса, анда бөлүмдүн жетекчисине же оорукананын администрациясына кайрылуу керек. Маселе оң чечилбей калган учурда күнү-түнү иштеген 113 ыкчам байланышына телефон чалууну сунушталат.