Огайодогу атышууда бир киши көз жумду

Дүйнө Загрузка... 05 Февраль 2025 18:35
WhatsApp Image 2025-02-05 at 14.33.34.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. АКШнын Огайо штатындагы ишканадагы атышууда бир киши көз жумуп, 5 адам жаракат алды.

NBC4i порталы кабарлагандай, атышуу Нью-Олбани шаарындагы косметика каражаттарын чыгарган ишкананын кампасында болгон.

Жаракат алган беш жумушчу ооруканада, азырынча абалдары тууралуу маалымат айтыла элек.

Полиция шектүүнүн өздүгүн тактап, камакка алуу үчүн издөө жарыялады.