Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. Нью-Йоркто Улуттук cтатистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуулар БУУнун Статистикалык комиссиясынын 56-сессиясынын алкагында уюштурулду.
Корея Республикасынын Статистика башкармалыгынын комиссары менен беш жыл аралыгында гранттык негизде Кыргызстандын статистикалык потенциалын жогорулатуу боюнча алдын ала бюджети 5,5 млн АКШ долларын түзгөн долбоорду ишке ашыруу каралды. Ошондой эле тараптар эки улуттук статистикалык системанын узак мөөнөттүү кызматташуусу жөнүндө меморандумга кол коюунун келечегин талкуулашты.
Мындан тышкары, Бактыбек Кудайбергенов БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) жетекчилиги менен улуттук статистика системасын өркүндөтүүдө Кыргызстанды техникалык жактан колдоо механизмдери айтылып, УЭТ-2025 сунуштамаларын киргизүү боюнча кызматташуу пландаштырылды.
КМШнын Статкомитетинин төрагасы менен шериктештик мейкиндигинде статистикалык стандарттарды координациялоо маселелери, ошондой эле Кыргызстандын статистикалык системасынын 100 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча даярдык иштеринин алкагында кызматташуунун жолдору талкууланды.
Сербиянын статистикалык кеңсесинин төрагасы менен маалыматтарды чогултуу тутумун санариптештирүү жана электрондук отчеттуулукка өтүү үчүн IST программасын киргизүү жаатында кызматташуу жөнүндө талкуу жүрүп, жетекчилер узак мөөнөттүү кызматташуу маселесин көтөрүштү.
"БУУнун Статистикалык комиссиясынын 56-сессиясы Кыргызстандын эл аралык статистикадагы позициясын бекемдөө үчүн маанилүү кадам болуп калды. Ийгиликтүү жана натыйжалуу макулдашуулар экономикалык жана социалдык стратегияларды түзүү үчүн улуттук статистика системасын өркүндөтүү жана маалыматтардын сапатын жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", - деп белгилешти Улуттук статистика комитетинен.