Нурдан Орунтаев БУУнун өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады

Коом Жүктөлүүдө... 13 Март 2025 10:35
IMG_0483.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_0482.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
IMG_0483.max-1920x1080.format-webp.webp
IMG_0482.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн кызматташуунун негизги багыттарын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын курулушта жеткиликтүүлүгүн, имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу жана калктын аялуу катмары үчүн социалдык объектилерди курууга байланышкан маселелерди талкуулады.

Атмосферага эмиссияларды азайтуу жана жашыл курулушту өнүктүрүү сыяктуу маанилүү экологиялык демилгелер да каралары кошумчаланды.

Жолугушууда Антье Граве министрди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, тараптар өлкөнүн жашоо сапатын жана туруктуу өнүгүүсүн жакшыртуу үчүн кызматташууну улантууга жана тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.