Ноокенде 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 7 октябрь 2026 10:00
WhatsApp Image 2026-10-07 at 09.54.20.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 09.54.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 09.54.26.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-07 at 09.54.20.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 09.54.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 09.54.26.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сары-Сыя айылында Б. Абдрахманов атындагы №22 жалпы билим берүү мектебинин 275 орундуу жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1 миң 806,9 чарчы метрди түзөт. Мектепте окуучулар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, окуу класстары тиешелүү эмеректер жана компьютерлер менен жабдылды.

Ошондой эле мектепте спорттук жана жыйындар залы, лабораториялык жана башка атайын кабинеттер каралган.

Мектептин курулушу 2025-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.