Бишкек, 25.01.25. /Кабар/. Бүгүн Ноокен районундагы Жаңы-Арык айылында 275 орунга ылайыкталган Ш. Сүйөркулов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Ачылышы аземине Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө Талант Иманакун уулу аймактарда билим берүү мекемелерин куруу мамлекеттин саясатынын башкы багыттарынын бири экенин белдирди:
«Балдарыбыздын билим алуусу үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүү, ийгиликтүү жана билимдүү муунду калыптандыруунун негизи болуп саналат. Республикабыздын айыл аймактарындагы инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу уланууда», – деп белгиледи.
Мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоор боюнча мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан турат. Негизги класстардан тышкары, биология, химия, физика, компьютердик класстар, ошондой эле кыздар жана балдар үчүн эмгек кабинеттери каралган. Обьекттин жалпы аянты 1605 чарчы метрди түзөт.
Айыл тургундары алардын муктаждыктарына көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдирип, жаңы окуу мекемеси балдарга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, аларды жогорку жетишкендиктерге жетүүгө шыктандырарын белгилешти.