Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Ноокатта мектептин жылытуу системасын оңдоодо мамлекетке зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ош облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө жайгашкан К.Акматов атындагы “Борбаш” орто мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу, оңдоп-түзөө жана кошумча бөлмө куруу иштери боюнча жумуштар иш жүзүндө аткарылбаганына карабастан кабыл алуу документтери жасалмаланган. Натыйжада негизсиз түрдө төлөмдөр жүргүзүлүп, мамлекетке 1 млн 145 миң 600 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.
Аталган факт боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү Ош ОИИБнын Тергөө кызматына тапшырылды.