Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Непал Эверестке жана башка 8 миң метрлик чокуларга жалгыз чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу ТАСС Nepal Gazette гезитине шилтеме келтирип жазды.
Маалыматта айтылгандай, жаңы эрежелерге ылайык, 8 миң метрлик чокуларга чыккан ар бир эки альпинист үчүн коштоп жүрүүгө гид дайындалат. Ал эми башка чокуларга бара жаткан топко бир гидди жалдоо керек.
Белгилей кетсек, буга чейин Непал бийлиги Эверестти багындырууга уруксат берүүнүн төлөмүнүн өлчөмүн жогорулаткан. 1-сентябрдан тарта жазгы сезондо (март-май айларында) түштүк багыты боюнча көтөрүлгөн чет элдиктер үчүн төлөм киши башына 11 миң доллардан 15 миң долларга чейин көтөрүлдү. Күз мезгилинде (сентябрь-ноябрь) наркы 5,5 миң доллардан 7,5 миң долларга чейин кымбаттаган. Ошол эле учурда кышкы (декабрь – февраль) жана муссондук (июнь – август) мезгилине бир кишиге уруксаттын баасы 2,75 миң доллардан 3,75 миң долларга чейин өскөн.
Ошондой эле Непал таштандыларды чыгарууга, бийиктикте иштеген жарандарын социалдык камсыздоого жана мамлекеттик кирешелерди көбөйтүүгө өзгөчө көңүл буруп жатат.
Былтыр жазгы сезондо акы төлөнүүчү бийиктикке чыгууга 421 уруксат кагазы берилген. Чокуга 600гө жакын альпинист чыгып, базалык лагерге 2 миңге жакын адам келген. Сегиз альпинист каза болгон. Жамааттык бардык экспедициялар 100 тоннага жакын таштанды чыгарган.