Нарында унааларды каттоо убактылуу токтотулду. Себеби

Аймак 20 май 2025 17:00
Нарында унааларды каттоо убактылуу токтотулду. Себеби

Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык бөлүмү 20-21-майда жарандарды кабыл алууну убактылуу токтотту.

Агенттиктен билдиришкендей, кабыл алуу электр берүү линияларындагы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулган.

Белгиленгендей, агенттиктин иши 22-майда саат 08:30да жанданат.

Зарыл болгон учурда жарандар төмөнкү даректерге кайрыла алышат:

- Кочкор сектору: Кочкор айылы, С. Орозбаков көчөсү, 46;

- Жумгал сектору: Чаек айылы,Э. Матыев көчөсү, 123.