Нарында предметтик олимпиаданын облустук туру жыйынтыкталды

Аймак Загрузка... 18 Март 2025 12:42
484534932_1410868810324545_8162551751149419502_n.jpg
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Нарында предметтик олимпиаданын облустук туру жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, олимпиаданын облустук туруна 162 окуучу катышкан.

Ак-Талаа районунан 25 окуучу, Ат-Башы районунан – 24, Жумгал районунан - 30, Кочкор районунан – 26, Нарын районунан – 18, Нарын шаарынан – 26, М.Субакожоев лицейинен – 12, Билимканадан 1 окуучу.

Белгиленгендей, олимпиада базалык 12 предмет жана профилдик 5 предмет боюнча өттү.

Жыйынтыгында 1-2-орун алган 35 окуучу Нарын облусунан апрель айында өтүүчү республикалык олимпиадага катышууга жолдомо алышты.

Ал эми 1-2-3-орун камсыздаган окуучулардын саны боюнча Кочкор району 1-орунда (14 байгелүү орун), 2-орунда М.Субакожоев атындагы лицей (12), 3-орунда Ат-Башы району (9), 4- орунда Ак-Талаа району (6), 5-орунда Нарын шаары (6), 6-орунда Нарын району (3), Жумгал району (2) болду.

Эске салсак, былтыр аталган олимпиадага 156 окуучу катышып 45 байгелүү орунга ээ болгон. Ал эми Нарын облусу республикалык олимпиаданын жыйынтыгы менен облустар арасында 1-орунду, ал эми республика боюнча 3-орунду камсыздаган.