Нарында ишкердикти колдоо программасына сунуштар берилди

Экономика Загрузка... 23 Январь 2026 17:21
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Нарын шаарында өлкөнүн 2030-жылга чейинки чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү программасынын долбоорун талкуулоо боюнча көчмө эксперттик жолугушуу өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чараны уюштурууга Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жумушчу тобунун эксперттери колдоо көрсөттү. Ага облустун бизнес коомчулугунун, тармактык ассоциациялардын, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Анда аймактын ишкерлери бизнести өнүктүрүүнүн негизги тоскоолдуктарын жана артыкчылыктарын белгилешти. Негизги көңүл каржылоо маселелерине, жеңилдетилген насыялоонун инструменттерин кеңейтүү зарылдыгына, ошондой эле ишкерлерди колдоо үчүн санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө бурулду.

Бизнести колдоо, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана "бир терезе" форматында консультациялык колдоо көрсөтүү үчүн регионалдык санариптик хаб түзүү боюнча сунуштар талкууланды. Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары жергиликтүү ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана алардын тышкы базарларга чыгуусун кеңейтүүгө мүмкүндүк бере турган экспорттук жана өндүрүштүк кластерлерди, анын ичинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана тигүү тармагын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Эми Нарын облусундагы ишкерлердин айткан сунуштары өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгууда эске алынат.