Нарында бороондон улам жолдо калган 7 унаа куткарылды

Аймак Загрузка... 10 Март 2025 10:46
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Нарында бороондон улам жолдо калган 7 унаа куткарылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Миң-Булак айыл аймагына караштуу Кара-Кужур – Солтон-Сары унаа жолунун 43-чакырымында 9-март күнү кар жаап, бороондон улам кар күрткүсү пайда болгон.

Мындан улам, жолдо болжол менен 7 оор жүк ташуучу унаалар туруп калгандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына маалымдалган.

Жерине Кочкор райондук ӨКБдан 3 куткаруучу, Солтон-Сары алтын кен комбинатынан 3 жүктөгүч тартылып, бүгүн саат 05:30да жол толук тазаланып, жолдо туруп калган 5 оор жүк ташуучу унаа жана 2 Mercedes-Benz (1 спринтер, 1 сапог) үлгүсүндөгү унаалар чыгарылган.