Нарында 9,4 млрд сомдук масштабдуу долбоорлордун аткарылышы талкууланды

Аймак Загрузка... 24 Июнь 2025 15:54
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек 24.06.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандардын үнүн угуп, көйгөйлөрдү жеринде талкуулоо максатында өлкөнүн бардык аймактарында элдик жыйындар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги Азамат Кадыралиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, кезектеги жолугушуу Нарын облусунда өтүп, жергиликтүү тургундар өз сунуштары менен бөлүшүп, көйгөйлөрүн ачык айтып беришти.

"Бул жолку жыйында башка облустардан айырмаланып, бала бакча маселеси дээрлик көтөрүлгөн жок. Бул - аймакта мектепке чейинки билим берүү тармагында алгылыктуу жылыштар бар экенинин белгиси. Жыйындын жүрүшүндө Нарын облусунда жүрүп жаткан инфраструктуралык өзгөрүүлөр боюнча да кенен маалымат берилди. Бүгүнкү күндө бул аймакта жалпы көлөмү 9 млрд 455 млн сомду түзгөн ири долбоорлор ишке ашууда", - деген ал мындай көлөм - Нарын облусунун тарыхында буга чейин болбогонун белгиледи.

Негизги багыттар төмөнкүлөр:

  • жол тармагына – 1,5 млрд;
  • курулуш тармагына – 1,4 млрд;
  • ирригацияга – 2,4 млрд;
  • таза сууга – 2,9 млрд.

Мындан сырткары, Нарын облусуна президент Садыр Жапаров тарабынан 1 млрд сом каралып, бүгүнкү күндө анын 807 млн сому Нарын шаарын өнүктүрүүгө багытталган.

"Мындай масштабдуу иштер - мамлекеттин аймактарды өнүктүрүүгө болгон чечкиндүү мамилесинин далили. Буга чейин көңүл бурулбай келген Нарын облусуна азыр өзгөчө кам көрүлүп жатканы - аймактар ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылуу саясатынын жандуу мисалы. Өзгөрүү башталды. Эми аны улантуу, көзөмөлдөө жана жыйынтыгын сапаттуу кылуу - мамлекет менен катар жергиликтүү элдин да жоопкерчилиги. Мамлекет сөзүндө турат. Эми биз да бул ишенимди акташыбыз керек", - деди ал.