Нарында 3 жаңы көмөк чордон пайдаланууга берилди

Аймак Загрузка... 16 Июнь 2025 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Нарын облусунда 3 жаңы көмөк чордон пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Министр Таалайбек Ибраев көмөк чордондордун ачылышы аземине катышып, алар Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушуна зарыл болгон электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн курулганын белгиледи.

Алар:

  • Ат-Башы районундагы 10 МВА кубаттуулуктагы 110/35 кВ "Коргон-Таш" көмөк чордондону. Ал Нарын электр тармактар ишканасынын 110 кВ ”Ала-Тоо- Торугарт” аба чубалгысына кошулду;
  • ⁠Ак-Талаа районунда курулган 20 МВА 110/35 кВ "Кош-Дөбө" көмөк чордону Нарын электр тармактар ишканасынын 110 кВ "Үгүт-Ала-Буга" аба чубалгысынан камсыздалды;
  • Тогуз-Торо районунда курулган 16 МВА 110/35 кВ "Чет-Булак" көмөк чордону Нарын ЭТИна тийиштүү 110 кВ “Жетиген-Ала-Буга” аба чубалгысынан электр энергиясы менен камсыз болду.