Нарында 3 жаран жайыт жерине мыйзамсыз үй куруп алган

Аймак 1624 20 Февраль 2025 12:23
WhatsApp Image 2025-02-20 at 10.08.11 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-20 at 10.08.10.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-20 at 10.08.11.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-20 at 10.08.11 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-20 at 10.08.10.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-20 at 10.08.11.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы тарабынан Нарын облусуна караштуу Жерге-Тал айыл өкмөтүнө тиешелүү жайыт жери мыйзамсыз пайдаланылганы аныкталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тактагандай, Кара-Тал участогунун жайыт жерине 3 жаран үй, короо-сарайларды мыйзамсыз куруп алган.

Жыйынтыгында бул факты боюнча материалдар Нарын РИИБге жана Нарын региондук архитектура курулуш контролдоо башкармалыгына өткөрүлүп берилди.