Нарын шаарындагы курулуш: 43 объектте оңдоо иштери жүрүүдө

Аймак 24 Август 2026 16:15
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Нарын шаарында 43 объектте курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, Нарын шаарында курулуштар өз нугунда жүрүп жатат. Жаңы имараттар күз мезгилинде пайдаланууга берилет. Бардык курулуштар, ондоп-түздөө иштери Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиевдин көзөмөлүндө, жаралган маселелер учурунда жөнгө салынууда.

2026-жылга карата Нарын шаары боюнча 43 обьектиде болжолдуу 7 млрд сомдук курулуш жана оңдоп-түзөө иштери аткарылууда.